Бишкек шаарындагы Жеңиш аянтында өтүп жаткан бал жарманкеси 3-ноябрга чейин уланат. Жарманке аталган аянтта бир айдан ашуун убакыттан бери өтүп жатат.
Жарманкенин негизги максаты шаардыктарга балчылардын сапаттуу жана табигый азыктарын сунуштоо жана жайылтуу болуп саналат.
“Бардык бал анализден өткөн жана азыктын сапаты тиешелүү талаптарга жооп берет" деп белгиледи жарманкеге катышып жаткан Карима Назаралиева.