Депутат Ирина Карамушкина экс-президент Алмазбек Атамбаевдин балдарын куугунтуктоону токтотууну талап кылды. Бул тууралуу ал бүгүн, 31-октябрда Жогорку Кеӊештин жыйынында билдирди.
“Атамбаевдин балдары ийгиликтүү ишкерлер, алар "Кыргызавтомаш" ачык акционердик коомду өнүктүрүшкөн. Бирок азыр ишкана камакка алынган. Атамбаев президент болуп турганда анын бир дагы тууганы жогорку кызматты ээлеген эмес”, - дейт Карамушкина.