Депутат Бекешев: "Экономикалык кылмышка шектелген адамдарды дароо эле камакка албай, алардан эч жакка чыкпоо жөнүндө тил кат алып, коё бериш керек"

"Экономикалык кылмышка шектелген адамдарды дароо эле камакка албай, алардан эч жакка чыкпоо жөнүндө тил кат алып, коё бериш керек" деп бүгүн, 31-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев билдирди.

"Укук коргоо органдары экономикалык кылмыш козгоо жүрүмүндө компания башчыларын камакка алып, андан кийин акты түзүп калышты. Көрсө, коррупцияга каршы эсепти толтуруш керек экен. Албетте, алар камакта отургусу келбегендиктен, андай актыга кол коюп беришет. Мына ошентип, соту жок эле коррупцияга каршы эсеп толукталып жатпайбы. Укуктук мамлекетте мындай көрүнүш орун албашы керек. Убактылуу камак жайларын кармоого жылына 100 миллион сом жумшалса, ал эми УКМКнын убактылуу камак жайына 200 миллион сом жумшалат. Демек, убактылуу камак жайларын жөнү жок эле толтуруп алып, ашыкча каражат берүүнүн эч кандай деле зарылдыгы жок", - деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Qwer007
2019-10-31 15:33:16
Не аларды качырып же арам жол менен тапкан байлыктарын жашырганга чейин камабай туру керекби?. Ушу депутат кайдагы нерселерди чыгара берет
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан