Билим берүү жана илим министрлиги: "Мугалимдердин айлыктарын көтөргөндөн тышкары кечиктирбөө жагын колго алуудабыз"

Ушул тапта 30 пайызга жогорулатылган айлык акыны өлкөнүн басымдуу бөлүгүндөгү мугалимдер алышты. Мындай маалыматты бүгүн, 31-октябрда Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү айтышты.

Анда айтылгандай, жогорулатылган айлык акы бир катар райондордогу мугалимдерге берилип бүттү. Жалпысынан 3-ноябрга чейин өлкөдөгү бардык мугалимдер айлык маянасын алып бүтүшөт.

"Мугалимдердин бир жылдык маянасынын бюджети эми 2 миллиард сомду түзөт. Биз айлык акыны көтөргөндөн тышкары, аны өз учурунда төлөөнү да колго алуудабыз", - деди министрликтин өкүлү.

Буга чейин министр айлык жогорулатылгандан кийинки мугалимдердин маянасынын суммасын айткан болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
chake
2019-10-31 13:42:11
молодцы Каныбек мыкты кадр экен реформалар башталган сыяктуу бул министрликте
+2
Absamat-90
2019-10-31 13:43:44
Озгоруу дароо байкалып жатат.
+1
altyn-kumush
2019-10-31 13:48:40
Каныбек Исаков мыкты өз ишин берилүү менен аткарган күчтүү кадр
+2
Saidochka
2019-10-31 19:41:18
Айлыкты көтөрүү чечими к.исаковко чейин эле чыккан
+2
Milashka_12345
2019-11-01 00:48:55
Saidochka,Бирок ишке ашкан эмес болчу
0
Olivia0109
2019-10-31 23:58:34
Бир жагынан берип ары жагынан сыгып аласынар кошуп атабыз деп айтпай эле койгулачы. Бир балада платочка жок болсо 500 сом 1 бит чыкса 16000 сом штраф экен эжейине уят эле.
-1
Milashka_12345
2019-11-01 00:48:37
Olivia0109, док кылбай, баарын так аткаргыла да . Балдарынар биттесе министр бит алып келип салып койду беле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан