Эртеңден баштап үшүбөй каласыңар. Мэрия жылуулук качан берилерин айтты

1-ноябрдан баштап Бишкектин тургундарына жылуулук бериле баштайт. Жылуулук берүү бир нече күнгө созуларын шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлады.

Жылуулук биринчи кезекте билим берүүчү жайларга, бала бакчаларга, ооруканаларга, төрөт үйлөрүнө жана социалдык коргоо мекемелерине берилет. Жылуулук берүү маалында мектептердеги билим берүү процесси үзгүлтүккө учурабайт. Анткени 4-ноябрдан тарта окуучулар эс алууга чыгышат.

Андан кийин турак үйлөргө жылуулук берилет. Ошондой эле буга чейин жылуулук кызматы, электр жарыгы үчүн карызы жок болгон өндүрүш ишканаларына берилет.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 5-6-ноябрда аба ырайы өзгөрүп, абанын температурасы кескин түрдө төмөндөп, кар жаай турганын маалымдаган.

Бишкек мэриясы жылуулук берүүгө байланыштуу суроолор боюнча төмөнкү номерлерге байланышууну өтүнөт.
"Бишкек жылуулук энерго" коммуналдык ишканасы: (0312) 21-28-47, (0312) 212844, WhatsApp номери 0 (500) 287-070;
"Бишкек жылуулук тармагы" муниципалдык ишканасы:
Кардарларды тейлөө кызматы - (0312) 61-11-69;
Борбордук райондордогу инженерлер - (0312) 36-57-19, 30-07-67;
Түштүк райондордогу инженерлер - (0312) 51-06-22, 21-74-06;
Диспетчердик кызмат - (0312) 56-85-58.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Twin
2019-10-31 16:41:39
Ошко качан берилет?
+2
Shef87
2019-11-01 00:45:33
Супер оштукун дагы билгилечи
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан