Бишкекте патрулдук милиция кызматы түзүлдү. Кызматкерлердин айлыгы мурдагыдан эки эсе жогору болот

Бишкекте Патрулдук милиция кызматы ишке кирди. Жаңы кызматка Жол кыймыл коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгы менен Патрулдук кайгуул кызматы бириктирилген. Аталган башкармалыктан билдиргендей, кызматкерлер сынак аркылуу алынган.

Маалыматка ылайык, биринчи баскычта тандалып алынган кызматкерлер өз иштерин баштады. Жаңы түзүлгөн кызмат үчүн жарыяланган сынакка милиция кызматкерлеринен тышкары, башка адистиктин ээлери дагы резюмелерин жиберген. Биринчи баскычтан өткөн кызматкерлер ИИМдин академиясында атайын окуудан өтсө, экинчи баскычтан өткөндөр окуп жатышат.

"Мурда катардагы кызматкер 11-12 миң сом айлык акы алса, эми алардын маянасы 22 миң сом болот. Жаңы түзүлгөн кызмат азырынча Бишкектеги Биринчи Май жана Свердлов райондорунда иштеп баштады. Жакынкы арада Ленин жана Октябрь райондорунда бул кызмат иштеп баштайт", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Bektur2011
2019-10-31 20:42:25
Президентке рахмат! Убадасына туруп реформаларды ишке ашырууда
-1
chake
2019-10-31 21:28:41
бүгүнкү жасалып жаткан иштер ИИМдин реформа болуп жатканынан кабар берет Жээнбеков ар жерге барып балп дебестен акырын эле иштерди жасап жатат молодец
-1
altyn-kumush
2019-11-01 09:09:40
Жакшы жаңылык мындай патрулдук милициянын түзүлгөндүгү элдин жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууда чоң роль ойнойт.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан