Бишкекте оңдоо иштери жүрүп жаткан Москва көчөсү бүгүн, 31-октябрда саат 20:00дө ачылат Бишкек мэриясынын маалымат кызматы аталган көчөнүн Манас кең көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгү толугу менен оңдолгонун билдирди.
Москва көчөсүндөгү оңдоо иштерин "ChinaRoad & BridgesCorporation" кытай компаниясы жүргүзгөн. Буга чейин маалымдалгандай Москва көчөсүнүн аталган бөлүгүн оңдоо пландалган эмес. Бирок биринчи фазадагы долбоор бүткөндөн кийин каражат артып калгандыктан, Москва көчөсүн оңдоого жумшалган.
Эми №4, №8, №10 багытындагы троллейбустар жана кичи автобустар мурдагы тартипте каттай баштайт. Ал эми Токтогул көчөсүндө унаалардын кыймылы мурдагыдай эле бир тараптуу болот.