Өзбекстандын Андижан облусунда Кыргыз жаранынын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазып чыгышты.
Маалым болгондой, 28-октябрда Андижан облусундагы Түштүк-Фергана каналындагы №1 суу сактагычынан эркек кишинин жансыз денеси табылган. Тергөөнүн жүрүшүндө маркум Кыргыз жараны экени маалым болгон. Анын денесин кароо учурунда көгала тактар болгон эмес.
Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына ылайык, маркумдун жогорку дем алуу жолдорун суюктук жаап калып каза болгон.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан бул окуя боюнча эч кандай маалымат жок экенин билдирди.