Бишкектеги Саадаев көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат

Бишкектеги Саадаев көчөсүнүн бир бөлүгү эртең, 1-ноябрда убактылуу жабылат. Бишкек мэриясынан аталган көчөнүн Тоголок Молдо көчөсүнөн профессор Зима көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу жабылып жатканын маалымдады.

Саадаев көчөсүнүн жогоруда аталган бөлүгүнө борбордук канализацияга туташтыруучу түтүктөр коюлат. Транспорт каттамдары үчүн алтернативдүү жол катары Киргизская, Архитекторская көчөлөрү сунушталат.

Мэрия айдоочуларга жана жүргүнчүлөргө келтирилген ыңгайсыздык үчүн алдын ала кечирим сурайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан