КРнын Чек ара кызматы: "Өзбекстан 2 чек ара бекетин эскертпей туруп жаап, келишимди бузду"

Кыргыз-өзбек чек арасындагы “Дустлик” жана “Вуадиль” өткөрүү бекеттерин жаап, Өзбекстан 2004-жылы 24-июлда кол коюлган өкмөттөр аралык келишимди бузду. Муну КРнын Мамлекеттик чек ара кызматы бүгүн, 13-августта билдирди. Бул маселе боюнча билдирүүлөр Өзбекстандын тиешелүү органдарына жиберилди. Келишимде эгерде бир тарап чек ара бекеттерин жаба турган болсо, экинчи тарапты 5 күн мурун кабардар кылып, себептерин түшүндүрүүсү керек. Кыргызстан чек ара бекеттеринин жабылышы тууралуу түшүндүрмө берүүнү жана келишимди сактоону өзбек тараптан сурады. Айта кетсек, жогоруда сөз болгон 2 өткөрүү бекети 9-12-августта жабылган. Өзбекстан бул чектөөлөр 1-сентябрь - Өзбекстандын Эгемендүүлүк күнүнө даярдык көрүүгө байланыштуу экенин билдирген, бирок чектөө канча убакытка созулары белгисиз.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан