Өлкө башчы массалык маалымат каражаттарынын жетекчилери менен жолугушту

Бүгүн, 2-ноябрда өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков массалык маалымат каражаттарынын жетекчилери менен жолугушууда. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда, Сооронбай Жээнбеков жолугушуунун башында ММК жетекчилерин алдыда келе жаткан кесиптик майрамы менен куттуктаганы айтылды. Бүгүнкү жолугушуу "суроо-жооп" форматында өтүп жатканы белгиленди.

Маалым болгондой, жыйынга ММК жетекчилеринен 45 адам чакырылган. Мындан тышкары, жолугушууга өлкөдө аккредитациядан өткөн чет элдик корреспонденттер дагы катышууда.

Президент ММКларга коомчулукту кызыктырып жаткан негизги суроолор боюнча жооп берди. Жолугушуу сый тамак үстүндө бейформал түрдө уланды.

Былтыр да өлкө башчы 7-ноябрды утурлай ушундай форматта жолугушуу өткөргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
Mirlan27011987
2019-11-02 13:56:15
Сокенин баягы эле дежурный создору. Жэ бир жасаган корунуктуу иши жок. Болгону президент деген аты болбосо, заты жок. Кошоматчылары кылчактап мактамыш этип, эптеп кун коруп келет.
+3
Bektur2011
2019-11-02 14:02:32
Mirlan27011987, Кайдагыны айтпачы келжиреп! Эптеп кун откоргон байкуш болгондо Атамбаев чалчактап эки тизгинди кармап олтурмак. Жээнбеков чечкундуу болуп уурулар камалып, кусуп жатат. Ууру досун эмес элди тандады. Тарыхта калат Жээнбеков!
-1
Losw
2019-11-02 14:58:55
Bektur2011, Акаевтен тарта Сокеге чейинки президенттердин эч бири элди жарыткан эмес. Бакиев да, Атамбаев да. Соке да жарыткан жери жок. Раимге окшогон Сокенин кудалары талтандап журот. Асылбек Жээнбеков ТЭЦ иши боюнча камалбай эле. Олкодо криминал баш которуудо, анткени Соке ошого жол берип отурат, капалар менен иштешип.

Элге ак кызмат кылган Мырзакматов куугунтукта, Садыр Жапаров абакта, Сокенин ууру-каракчы кадрлары бийликте...

Соз жок!!! Соке элди жарытпайт!
-1
altyn-kumush
2019-11-02 20:21:04
Losw,жыргатпаганда эмне карыздан кутулбаганда жыргайт белең?
-3
Altyn.bala
2019-11-02 16:18:23
Bektur2011,Соке чечкиндуу болуп ууруларды камаса Раим миллионго окшогондорду качан камайт?Камай албайт.Анткени Сокен озу бийликке таза жол менен келген эмес.
+1
sinej
2019-11-02 14:05:59
Жээнбековту көрөюн деген көзүбүз жок. Эл башчысы катары таанып кереги жок. Эптеп президент деген аты эле бар. Берген убадасынын бир да жок. Сүйлөгөн сөздөрү бүт жалган. Өзүнүн гана тууган уруктарына күйүп бышкан шорду экен. Атамбаев жасаган иштин бирин да Жээнбеков жасай албайт.
+4
chake
2019-11-02 14:08:04
sinej,туз жала ичиң күйсө
-5
altyn-kumush
2019-11-02 20:21:42
sinej,сени эле көрөлү деп көзүбүз учуп турат.
-2
chake
2019-11-02 14:07:36
Жээнбеков чыныгы президент көрө албагандар ууру коруупционерлердин урук тукумдары
-4
altyn-kumush
2019-11-02 14:10:36
ММК соң кездерде чектен чыгып ар кандай жалган маалыматтарды таратып,жеке кишилердин намысына шек келтирген учурлар көп орун алууда. Буларга чек коюу керек
-4
sinej
2019-11-02 14:16:43
Соко шамал сага. Сенин ордун башка жакта.
+3
altyn-kumush
2019-11-02 16:27:16
sinej,сен озун эмнени кыйраттын эле? Мамлекет учун бир нерсе кылып койдунбу? Бир жерин куйуп жатат окшойт сен акмактын
-5
aza84
2019-11-02 14:25:37
Баягы эле дежурларда
+5
chake
2019-11-02 20:25:22
Массалык маалымат каражаттары менен пресс конференция өткөргөн президенттин бул саясаты өлкөнүн өнүгүшү үчүн бардык тарап менен кызматташууга даяр экендигин билдирет.
-3
altyn-kumush
2019-11-02 20:40:53
Мындай жолугушуулар болуп турганы коомчулуктун суроо талаптарын аткарууну камсыз кылуу болуп саналат.
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан