Биз социалдык тармакта

ЖАМК: "Жатак абакта жаза мөөнөтүн өтүп жаткан 74 жаран тартип бузгандыктан, кайра түзөтүү мекемелерине которулду"

Кечээ, 1-ноябрда жатак абакта мөөнөтүн өтүп жаткан 74 жаран кайра түзөтүү мекемелерине которулду. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 74 жаран жатак абакта жүрүү тартибинин эрежелерин бузгандыгына байланыштуу, атайын комиссиянын чечими менен түзөтүү мекемелерине жөнөтүү чарасы колдонулганы айтылат.

“Бүгүнкү күндө Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын атайын комиссиясына 1413 соттолуучунун документи келип түшкөн. 1389 жарандын документи каралып, алардын ичинен 907 адам жатак абакка которулду. Ал эми 314 адамды жатак абакка которуудан комиссия баш тартты", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jelezo
2019-11-02 17:20:29
Акча бергендерди котордуңарда силердин бизнесиңер амниция, жатак абака которуу
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан