Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссия ишин жыйынтыктады. Бул тууралуу комиссиянын мүчөсү Клара Сооронкулова SUPER.KG порталына билдирди.
Маалыматка ылайык, комиссиянын чечими жакынкы күндөрү чыгат. Андан соң Жогорку Кеңешке жөнөтүлөт.
29-августта Кой-Таш окуясын иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия түзүлгөн. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков комиссиянын төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Бакытбек Райымкулов комиссиянын төрагасынын орун басары. Ал эми комиссияга Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт өкүлдөрү, коомдук ишмерлер кирген.