Жакынкы бир саат аралыгында Бишкек шаарында, Чүй өрөөнүндө катуу шамал болушу мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ылдамдыгы секундасына болжол менен 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы мүмкүн. Аталган министрликтен жарандарды сак болушун эскертти.