Москвадагы чатыр лагерге алынып келинген кыргыздардын бирөө полиция кызматкерлерин алдаган

Москва шаарында иштеп жүргөн мигранттарды текшерүү маалында кармалып, чатыр лагерге түшкөн 4 кыргыздын бирөө полиция кызматкерлерине өзүнүн аты-жөнүн жашырып, башка адамдын фамилиясын айткан. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз катчысы Айымкан Кулукеева билдирди. Айтымында, бул жарандын үстүнөн 2 жолу сот болмокчу. “Ал лагерге алынып келингенде өзүнүн эмес башка бирөөнүн фамилиясын айткан. Ошондуктан бул ишке байланыштуу жана депортация кылууга байланыштуу 2 жолу сот болмокчу. Бул 19 жашар жигитти депортация кылуу маселеси көпкө чейин созулушу мүмкүн. Негизинен депортация болгон жарандар 5 жыл Орусиянын аймагында жүрүү укугунан ажырайт. Ал эми кээ бир учурларда паспортторун өзгөртүп, кайра келгендер болуп жатат. Эгерде мындай жоруктары билинип калса, анда катуу жаза көрүлөт”,- деди Кулукеева.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан