Аба ырайынын кескин өзгөргөнүнө байланыштуу Бишкек-Ош унаа жолунун "Сосновка" постуна жүк ташыган унааларга чектөө киргизилди. Бул тууралуу ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, чектөө бүгүн, 4-ноябрдан баштап саат 17:00дөн эртең мененки 07:00гө чейин киргизилет.
Учурда Бишкек-Ош унаа жолуна кум, шагыл төгүлүп, жолду тазалоо иштери жүрүүдө.