Бүгүн, 5-ноябрдан баштап Ош шаарына жылуулук бериле баштайт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов кол койду. Жылуулук аба ырайынын кескин өзгөрүп, суук түшкөндүгүнө байланыштуу бериле баштайт.
Бишкек шаарында жылуулук 1-ноябрдан тарта берилген.