Биз социалдык тармакта

Бишкектеги Ак-Өргө конушуна 7 миллион сомго үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору курулат

Борбордогу Ак-Өргө конушунда үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жаңы имараты курула баштады. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

"Ак-Өргө конушунда медициналык борбордун курулушу башталды. Ал үчүн 0,56 гектар жер тилкеси бөлүнүп берилген. Бул борбор бир кабаттан турган эки имарат болуп курулат. Долбоордун жалпы каражаты 7 миллион сомду түзөт. Медициналык борбор демөөрчүлөрдүн жардамы менен башталды. Бирок келишим боюнча, ал бүткөн соң муниципалитеттин балансына өткөрүлүп берилет", - деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, Ак-Өргө Бишкектеги ири конуштардын бири болуп саналат. Анда жалпысынан 21 миң 744 адам жашайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Kairat1996
2019-11-05 10:39:33
Ар кайсы жерге мечит кура берип, акыры жашообуз онолуп кеткен жок. Андан көрө оорканалардын, билимканалардын санын көбөйткөндү үйрөнөлүк. Мечитке барсаң ашынган исламисттерди көрөсүн. Ар кайсы арабча тексттерди ырларды берилип жаттап ырдап олтурушат.
-3
filis
2019-11-05 10:54:44
Азыр эл ооруканаларга муктаж. Жөнөкөй элге оорукана көбөйтүш керек. Мечиттерге исламчылдар эле кызыкпаса, мага исламист болунун кереги жок. Исламист болбосо койсун. Жон эле оорукана салып бергиле ыраазыбыз.
-1
bekov01
2019-11-05 20:45:11
Мечитке каттап, беш маал намаз окуп, суннотторду толук аткарсак ооруканага муктаждык еселеп аз болмок чынында
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан