Биз социалдык тармакта

Казакстан 6 айга чейин күйүүчү майды өлкө ичинен ташып чыгарууга тыюу салды

Казакстандын Энергетика, Финансы, Тышкы иштер министрликтери жана Улуттук коопсуздук комитети биргеликте өлкөдөн күйүүчү майды чыгарып кетүүгө тыюу салды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазууда.

Маалыматка ылайык, мындай чечим Казакстандын ичинде күйүүчү майдын жетишсиздиги орун албоосунун алдын алуу үчүн кабыл алынган. Бажы көзөмөл комитетине отун жана бензиндин айрым түрүнөн башканы ташууга тыюу салуу тапшырылган. Мындай тыюу алты айга чейин созулат. Казакстанда күйүүчү майдын баасы Кыргызстан, Орусия, Өзбекстанга салыштырмалуу төмөн болгондуктан, коңшу өлкөлөрдөн ири өлчөмдө бул товарлар ташылып кетиши мүмкүндүгү белгиленет маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
tina-Tin
2019-11-06 09:13:45
Ундун баасы да которулду. Ундан жасалган бардык нерселер кымбаттап жатат. Биздин окмот да бир нерсе кабыл алабы. Супер инфо ушул жонундо да сурагылачы.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан