Биз социалдык тармакта

Кыргыз өлкөсү Кытайга эң көп карыз болгон өлкөлөрдүн катарында турат

Кыргыз өлкөсү Кытайга эң көп карыз болгон өлкөлөрдүн катарында турат. Мындай изилдөөнү "Eurasianet" порталы "Эмне үчүн Борбордук Азия мамлекеттери Кытайга канча каражат карыз экенин так билбейбиз?" деген экономикалык изилдөө макаласында жазды.

Анда дүйнө жүзү боюнча Кытайдын башка өлкөлөргө болгон көмүскөдөгү каражат бөлүп берүүсү 200 миллиард доллардан ашканы жазылган. "Кытайдын каражаттарды бөлүп берүүсү көпчүлүк учурда так ачыкталбайт, өлкө берип жаткан насыялары боюнча маалымат бербейт. Ошондой эле алардын үстөгү канча болору дагы ачык айтылбайт. Мисалы, Кытайдын улуттук банктары насыя берсе, ал каражат Кытай компаниялары аркылуу берилет. Алсак, Кыргыз өлкөсүнө Кытайдын экспорт-финансылык банкы жолдорду жасоону каржыласа, бул долбоорду Кытайдын компаниясы иш жүзүнө ашырат. Андыктан карыз алып жаткан өлкө канча өлчөмдө каражат алганы жана алар кантип пайдаланып жаткандыгын так аныктай алышпайт", - деп жазылат анда.

Кытайга эң көп карыз болгон өлкөлөрдүн арасынан Кыргыз өлкөсү 5-орунда турат. Ошондой эле бул тизмеде Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан дагы бар.

Кыргыз өлкөсү 2019-жылга карата Кытайга болгон карызы 1 миллиард 700 миллион доллардан ашык каражатты түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
Absamat-90
2019-11-05 12:36:20
Ошондуктан карызды алаарда Атамбаев ойлонуусу керек болчу, Кыргыз элди куроого койбой.
+4
altyn-kumush
2019-11-05 12:38:01
Кытайдан аша толтуруп карыз алып эле тышкы карыздын көлөмүн миллиард доллардан арттырып жиберди. Ошол кишинин мүлкүн сатып кутулуш керек. Жок дегенде гектардагы үйү ошого жарап берсин.


+9
zhykyo
2019-11-05 12:38:34
Журокту ойкочу болду ушул карыз
+9
altyn-kumush
2019-11-05 12:39:10
Кытайдан аша толтуруп карыз алып эле тышкы карыздын көлөмүн миллиард доллардан арттырып жиберди. Ошол кишинин мүлкүн сатып кутулуш керек. Жок дегенде гектардагы үйү ошого жарап берсин.
+4
Aimani
2019-11-05 14:20:23
altyn-kumush,А азыр албай жатабы Жээнбеков. Ашадан көп алып атат. Же бүтүргөн иши жок
+3
Ernestinio
2019-11-05 12:40:39
эгерде ал акчаларды эл толой албаса, кытай озунун полтиктерин киргизгенге укуктуу деп айтып чыкты эле, ошого карабай президентик аппараттан пиказ болгон деп Келдибек Атамбаевдын маалында. интервьюсун коргуло
+2
chake
2019-11-05 12:42:10
АШАнын ойлонбой кылган ишинин натыйжасы. Бут олкону дурболонго салды. Коррупционерлер жооп берсин. 50% карызды ошол уурдагандарга толотуш керек.
+1
aiba.8327
2019-11-05 12:58:41
Айты айты дебе ушул карызды орустар берип Кыргызтанды сатып алат анан калганын коро жатарбыз тузу кем дуйно 120 итке минерлер оз байлыктарын ойлоп жатса керек....
+3
Akshumkar
2019-11-05 13:07:44
Мейли карыз болдук олчойто. Бирок Нарын Ыссык Колго барчы жол туз жакшы 2 жыл чыдасак Альтернатив дагы бутот ошондо сезесинер пайдасын. Кошуна казакстан озбекстан га жыл сайын 30-35 миллион доллар тразитке бергенден корок озубуздуку болуп жатпайбы. Мен деле президент болсом ушинтип кошунага башымды тозбой карыз алып Датка Кеминди тундук туштук альтернатив жол салдырмакмын анкени мына тоо ашуу менен барсан ото кооптуу кунуго ДТП.
+1
bond02
2019-11-05 13:38:49
Биздеги коррупцияга шектелип кармалгандарды камакта кармап, багып жатпай Кытайга баалап откоруп бериш керек карыздан кыскарат.
+2
katerina.li
2019-11-05 13:51:01
Кытай тилин уйроно берели. Кереги тийип калбасын в будущем
-5
ainura220888
2019-11-05 15:28:11
Кытай жондон жон эле карыз бере бермек беле ойлогону барда. Согуш жолу менен эмес тынчтык жол менен басып алышат. Ыркырасак ушинтип кытай унчукбай басып алат. Озу кытай чындаса бизди жарым кундо эле басып алат. Мирный жол менен куулук кылып атышатда. Ачка калсакда вообще кытайлар менен мамиле кылбаш керек болчу. Эми Россиянын курамына кирип бир нерсе болобузда. Эгемен элбиз дейбиз 30жылда нормально эгемендуу жашай албай карызга батып олкону корупциянын мекенине айлантып жок кылмай болдук.
+1
katerina.li
2019-11-05 15:29:48
Кытайча суцлоп калат экенбиз да. Кыргыздар тезинен кытай курстарына жазылгыла
-4
ainura220888
2019-11-05 15:33:18
Атамбаевке окшогон башы жок озун ойлогон кок мээлерди апкелип алып. Элим ойлонгулачы кичине Бабанов, Бакиевдер мыкты менеджерлер эле алар иш алып барганды билет ушундан коро Россия менен Америкага карыз болсок болот эле Кытайга эмес. Ар бири озунун кочугун ойлойт тобо. Карапайым калк менен эч кимдин иши жок. Олдунбу калдынбы деген киши жок. Талаалап кеттик. Бизден барган акчалар олкону багып атат.
-1
Saiit
2019-11-05 16:41:49
Карызды алган адамдарды Кытайга берип не кылсанар шо кылгыла деш керек!Ал акчаларды алганга Кыргыз калкы макул болгон эмес!! Жогорку кенештеги койлордуда кошуп беруу керек Ретивикатция ошолор кылган шайтандар!!!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан