Биз социалдык тармакта

Жарандар Кыргыз өлкөсүнүн аймагына мыйзамсыз кирген товарлар тууралуу WhatsApp аркылуу билдире алышат

ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн Кыргыз өлкөсүнүн аймагына товарларды жана күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз ташып кирүү фактысы катталса, жарандар Мамлекеттик салык кызматына WatsApp тиркемеси аркылуу билдирсе болот. Бул тууралуу Салык кызматынын маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, WhatsApp боюнча жарандар мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак аймагы аркылуу товарларды жана күйүүчү-майлоочу материалдарды өткөрүүдө талаптардын бузулуу фактылары туурасында билдире алышат.

"Контрабандалык товарлар жана мыйзам бузуулар тууралуу билдирип туруу үчүн ишеним телефондор дагы иштеп келген. Эми жарандар ага кошумча тиркемедеги номерга дагы өз кайрылууларын жөнөтсө болот. Билдирүүлөр күнү-түнү кабыл алынат", - деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, жарандар учурда колдонуудагы (0312)61-31-89 номери боюнча ишеним телефонуна же WhatsApp боюнча (0779)61-31-89 уюлдук номерине кайрыла алышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
nazarmat92
2019-11-05 19:21:38
Озунордун алынар жетпей элден жардам сурап жатасынарбы?
+5
Migrant-rf
2019-11-05 19:38:25
Мынан келди стукач болуш керек экенда.
+4
elchi84
2019-11-05 20:22:13
Аткезчиликти жонотуп коюп сотмо сот судуросонор керек.
+4
555-777
2019-11-05 20:32:32
Негизи булар чиновниктердин оптом кантра банда жолу менен өткөргөн бизнестерин өздөрү билет, калп эле өлүмүштөнө беришет. Аткезчилик жолу менен жүз миңдеген тонна күйүүчү майлар кзхстандан тджкстанга өтүп баратканын таможник, финпол, против отдел контра банда баары билет, баары ошолор аркылуу оокат кылышат. Булар аларга күчү жетпей, ушундай майдаларды кармап, өздөрүнүн иштеп жаткандарын пиарлагысы келет.
+3
futboler
2019-11-05 20:43:41
Бириңди бириң аңдып, чукулашып кырышкыла дегиңер келип жатабы?
+1
Omush94
2019-11-05 21:11:04
Кой е жон эле койгула соттошуп соттон утулуп 1 млн сом мойунга илинип Аны толой албай журойунбу? Карга карганын көзүн чукубайт.
+3
bond02
2019-11-05 22:15:47
Жалган маалымат тараткан деп кайра озунду кармайт булар.
+5
asman.81
2019-11-05 22:23:18
Bond02эн туура айттын,жогоруда коментарийлерди окуп бийлик окулдоруно эл ишеними кетиптир деп чондордун бети деле чымырабайт. мектептердин акча топтоп атканын да кабарлаганга ишеним телефондорду койсонор болмок.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан