Өлкөдө 5-ноябрдан тарта “Кыргыз каганатынын доору” аталышындагы жаңы коллекциялык тыйындар жүгүртүүгө чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 5-ноябрда Улуттук банктын төрагасынын орун басары Мээрим Момункулова маалымат жыйынында билдирди.
Анда Момункулова коллекциялык монеталар кыргыз элинин маданий баалуулуктарын жана рухий дөөлөттөрүн даңазалоо максатында чыгарылып жаткандыгын белгиледи: “Кыргыз каганатынын доору” сериясынан "Тиричилик буюмдары: кыргыз кумарасы", "Тиричилик буюмдары: кыргыз кийими, зер буюмдары" коллекциялык монеталары жүгүртүүгө чыгарылды. Күмүш тыйындар 2 миң даана, жез-никель тыйын 5 миң даана болду”, - деди ал.