"Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясынын башчысынын орун басары: "Электр энергияны пайдалануу боюнча лимит энергетикалык системди көзөмөлдөө үчүн баланс катары керек"

"Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясынын башчысынын орун басары Абдылда Исраилов ар жылда күз-кыш мезгилине карата даярдык алдында өкмөттүн токтому чыгарын айтты. Бул тууралуу ал "Биринчи радиого" маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, токтомдо электр энергиясын пайдалануу боюнча лимит коюлат. "Коомчулук бул лимитти өзүнчө чектөө катары кабыл алышы мүмкүн. Бирок эч кандай чектөө киргизилген жок. Жергиликтүү бийлик жана энергетикалык компаниялардын жетекчилери тарабынан ар бир аймактарда көзөмөл болуш керек. Бул нерсени чектөө деп эсептеген болбойт. Бул жылы Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 17 миллиард 200 миллион метр куб, биз кышында 6 миллиард метр куб суу колдонобуз. Электр энергияны пайдалануу боюнча лимит энергетикалык системди көзөмөлдөө үчүн баланс катары керек", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
altyn-kumush
2019-11-06 11:16:06
Энергетика тармагы да реформага муктаж болуп турат. Анткени азыркы учурда суунун көлөмү азайып баратат. Же токтун алтернативалуу жолун табуу керек.
0
Ernestinio
2019-11-06 11:17:04
элдер тушунбой эле каралай берет, каралаганга жакшы биздикилер. статьяны окугула каралагандан мурда достор
-1
Absamat-90
2019-11-06 11:18:55
Бул лимит энергетиктердин арасында кенири колдонулуп келет болгону коомчулукка коп тараган эмес. Алар лимит аркылуу ай сайын канча КВат саат колдонулуп жатканын карап турушат.
0
chake
2019-11-06 11:24:56
Түшүнүп түшүнбөй жаза беришет. Лимиттин эмне экенин билип анан талкууласа болмок адамдар.
-2
Erik2018
2019-11-06 12:05:46
сүткө оозун күйгүзгөндөр айранды үйлөп ичет болуптур ар бир структурада алдын ала бизнес план сыяктуу пландар болот аны түшүнбөгөн кыкем свет өчөт деп жатып калышты
-3
katerina.li
2019-11-06 12:26:28
Ооба ,усундо жазгандар эле тушунуктуусунор баарынар. Биздин чиновниктердин кейпин эл билет. Ошон учун эч кимге ишенбей калышкан. Азыр сайрап аткандар тушунуктуу болуп же ишенбей паника болуп аткандар,бир аз сабыр кылып туралы,анан посмотрим ,через месяц зима начинается. Ошондо клробуз .
+1
talas0707
2019-11-06 13:18:20
Кышында свет очпоса жакшы, очсо 2 вариантты бар. Эл которулот же которулбойт, которулсо 2 варианты бар Же качат же камалат.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан