Турдакун Усубалиевди эскерүү иш-чарасы өттү

Бүгүн, 6-ноябрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара өттү. Иш-чарага өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков дагы катышты.

"Усубалиевдин учурунда айыл чарба, өнөр жай, энергетика, саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият, айтор дээрлик бардык чөйрөдө өнүгүүнүн керемети орун алган", - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

"Эң негизгиси — улуу инсаныбызга койгон эстелигибиз да, эскерүүбүз да анын жолун татыктуу улап кетүү менен өлчөнөт. Ал башкаруунун бийик үлгүсүн, жетекчилик абийирдин нукура сапатын көрсөттү. Анын өмүрү — баарыбызга өрнөк, улуу сабак, өлкө үчүн кристалдай таза иштөөнүн үлгүсү. Биз залкар инсандын өмүрүнөн, эмгегинен таалим алып, элибизге, жерибизге жан үрөп иштешибиз керек", - деп кошумчалады өлкө башчы.

Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгы өлкөнүн булуң-бурчунда белгиленип жатат. Буга чейин саясий ишмердин Нарын шаарында эстелиги тургузулуп, ага өкмөт башчы катышып келген.

Турдакун Усубалиев 1961-жылдан 1986-жылга чейин Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы болуп иштеп, өлкөнү 25 жыл башкарып турган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Mamiev
2019-11-06 17:51:49
Эмне мынча мактап даңктап эскерип жатасыңар. Тарых өзү тараза дегендей мен бул инсан жонундо мактоо уга элекмин. Толтура проблема турса чечилбей, силер Бишкектин атын өзгөртөбуз дейсинер. Кыргыздын чыгаан инсандарды толтура турат го. Раззаков Айтматов Чокморов Курманжан датка ж.б
+2
Absamat-90
2019-11-06 18:57:56
Ар бир чыгаан инсандар юбилейде гана эскирилип калбай ,аянтка аты берилгени жакшы го.Бир эле Усубалиев замандашыбыз залкар жазуучу Айтматовду деле декабрь жакындаганда туулган кунуно жакын эстеп жатабыз.
+1
altyn-kumush
2019-11-06 19:35:42
Усубалиевдей олко учун оз салымын кошкон инсандарды тарых барактарында эле калтырбай, азыркы муун жана келээрки муун дагы баалап, урматтап ала тургандай кылуу зарыл. Ал учун атын очурбой, эскерип туруш керек. Аянтка жана ГЭСке аты берилип туура эле болуптур
+1
Erik2018
2019-11-06 23:26:42
усубалиев чыныгы эл үчүн иштеген кыргыздын үлгүлүү башчысы
+1
altyn-kumush
2019-11-07 08:38:45
Турдакун Усубалиев мамлекетти башкарып турганда өнүгүүнүн өзгөчө доору болгон. Шаар калаасынын көп имаратынын курулушунда ал кишинин өзгөчө салымы зор.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан