Бишкектеги имараттардын биринин 11-кабатынан кулаган кыздын абалы өтө оор. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда ал Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда.
Окуя бүгүн, 6-ноябрда Киев жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги курулуп жаткан имаратта болгон. Кулап кеткен кыз аман калып, ооруканага жеткирилген.