Патрулдук милиция кызматкер издейт

ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы эскертет. Бишкек ШИИББинин патрулдук милиция кызматынын башкармалыгында бош орундарды ээлөө боюнча сынактын үчүнчү этабы өтүп жатат.

Сынакка катышууга документтерди 14-ноябрга чейин ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кадрлар бөлүмү кабыл алат. Дареги: Бишкек шаары, Чокан Валиханов көчөсү 1а. Кошумча маалыматтарды сурап билүү телефону: 0312 63-02-53, 0312 63-12-75.

Сынакка төмөнкү адамдар катыша алат:

Эркектер жана аялдар. Кыргыз Республикасынын жарандары;

Жарандык жаштардын катарынан талапкерлер болууга шарт:

Катардагы кызмат орунга 19 жаштан 30 жашка чейинки курактагылар;

Офицердик кызмат орунга 21 жаштан 35 жашка чейинкилер болууга шарт.

Сынактын катышуучулары болгон ИИМдин кызматкерлерине карата жаш курактык талаптар, учурдагы мыйзамдарга ылайык каралат;

Соттолбогону тууралуу маалым кат;

«В» категориясындагы айдоочулук күбөлүгү болууга тийиш;

Офицердик орунга талапкерлигин койгондор жогорку билимдүү, кенже курамга орто билимдүү болуусу керек;

Башкармалыктын начальнигинин кызмат ордуна талапкерлигин койгондор үчүн – укук коргоо органдарында жетектөөчү кызмат ордунда үч жылдан кем эмес иш тажрыйбасы болуусу тийиш.

Эркектердин боюнун узундугу 170 сантиметр кем эмес, ал эми аял кишиники 165 сантиметрден кем эмес болушу керек.

Биринчи сынакка катышкан жана тандоодон өтпөй калган талапкерлер жалпы негиздерде экинчи сынакка катыша алышат.

Бош кызмат орундарынын тизмеси жана башка маалыматтар ИИМдин ЖКККББнын расмий сайтында жайгаштырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
asash
2019-11-06 23:13:43
Ушундай кылып элдин арасынан тандап алыш керек да, талдаган комиссияны да ар тараптан кылыш керек, не сотрудников МВД,не зависимые из разных отраслей, болушу керек, ошондо татыктуунун татыктуусу болот, зарплатасын которгуло 30000 минге чейин, и хороших сотрудников премии каждый месяц и требуете проделанной работы ими,ошондо онолобуз.
+5
Paprikafm
2019-11-07 01:08:52
Шапкесин да жазып койбоптурада
+10
555-777
2019-11-07 02:32:16
Paprikafm, 3000$ дан жогору болсо керекко, себеби Кыргызстан боюнча эң эле майлуу-сүттүү Бишкекта мелийсалар үчүн).
+5
Sogushov
2019-11-07 07:43:16
555-777,ПМге кириш учун шапка толосон анда олгонун ошол го ПМ кучуксун да шаар кайтарган пикет тараткан!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан