Биз социалдык тармакта

Бишкекте 11-кабаттан кулаган кыз ооруканадан каза болду. Ал башынан оор жаракат алып, бир нече жери сынып кеткен

Бишкектеги имараттардын биринин 11-кабатынан кулаган кыз ооруканадан каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 7-ноябрда SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал өтө оор абалда Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген болчу.

"Кыз башынан оор жаракат алган, мындан сырткары бир нече жери сынып кеткен. Ал ооруканага жеткирилген соң 3 сааттан кийин каза болуп калды", - деп билдиришти министрликтен.

Окуя кечээ, 6-ноябрда Киев жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги курулуп жаткан имаратта болгон. Оор жаракаттарды алган кыз дароо ооруканага жеткирилген болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aizirek...
2019-11-08 08:17:27
Не балаа болуп кеткен имиш ал кызга
0
didu
2019-11-08 09:41:05
ИМИШ ушак гыйбаттын башталышы болот,кулаптыр бутту
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан