Жумушчулардын айлык акысы 6 айдан бери төлөнбөй Жалал-Абад - Маданият жолунун курулушу токтотулду. Бул боюнча Транспорт жана жол министрлиги жооп берди

7-ноябрь күнү маалымат булактарында Жалал-Абад - Маданият авто жолунун курулушу токтотулгандыгы тууралуу маалымат тараган. Маалыматта жолду курууда эмгектенген жумушчулардын колдорунда эмгек келишимдери бар экенине карабай 6 айдан бери маянасынын төлөнбөй келгендиги айтылат. Жолду куруу милдети "Азвирт" компаниясы моюнуна алган.

Бул боюнча Транпорт жана жол министрлигинин маалымат катчысы Кылычбек Досумбетов жолдун курулушу токтотулгандыгын тастыктап төмөнкүлөргө токтолду.

"Ал жерде азыр жумуш токтоп калган. Азыр Евразия өнүктүрүү банкы менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, каржылоо маселеси Финансы министрлиги менен сүйлөшүлүп чечиле турган болду. Аткарган жумушу боюнча жол куруучулар сертификаттарын бериши керек жана ошонун негизинде жумушчуларга акча төлөнүп берилет. Азыркы учурда ошол процесс жүрүүдө. Бул долбоор боюнча каржылоо такыр токтоп калган болчу. Каржылоо маселеси чечилсе эле курулуш кайра башталат", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
altyn-kumush
2019-11-07 12:59:02
Каржы маселеси жоктугунан улам ушундай кырдаал түзүлүп жатат. Андыктан каражат табылса жол дагы уланат.
-3
katerina.li
2019-11-07 13:20:02
altyn-kumush,Атандын как чокусу
+1
katerina.li
2019-11-07 13:19:49
Каржы жок болсо ,эмнеге алты ай иштеттинер?? Ап деп сугунуп коюштуда?? Эмне учун онуктуруу банкын карап отурасынар?? Ошол банк Кыргызстанды тизелетет,карызга батырып
+1
Kyrgyz_bloger
2019-11-07 16:23:02
Акча жок эле жолду баштагандар кызык экен го,ар жерди оюп таштап койсо керек
+1
pochtalyonin
2019-11-07 20:04:26
Карапайым элди кыйнаганынар эле калды
+1
elchi84
2019-11-07 22:27:17
Бул жонокой жол эмес альтернативдик жол Ош Бишкек жолу Эл кыйналды .Эми качан баштайт же акчалары синирилип кеткенби?
+1
kayratbek81
2019-11-07 22:51:36
Ассаломуалейкум кайран Эл бул жепжутарлардын айынан кыйналып жатышат жолдун баары ойук, мен иштедим ал жерде нак коррупция эптеп кызарган жерди жуулуп жемей. Системаны иштеп чыгышкан конкретно уже булар ала турган кредит эчак эле жок болгон.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан