Кечээ, 6-ноябрда Ош шаарынын Арек айылында жаңы бала бакчанын курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.
Анда жаңы бала бакча 120 орундуу болору айтылды.
“Бала бакчанын курулушун баштоого арналган аземге Ош шаарынын мэри, шаар жетекчилери жана тургундар катышты. Келечектеги бала бакчанын сапаттуу курулушуна өзгөчө көңүл бурулат. Долбоор жергиликтүү бюджеттин эсебинен курулуп жатат”, - деп айтылат маалыматта.
Ош шаарында жергиликтүү бюджеттен каржыланып жаткан балдар бакчасынын баасы тендер боюнча 22 миллион 947 миң сомду түзгөн. Арек айылынан тышкары дагы эки бала бакчанын курулуш иштери кызуу жүрүп жатканы белгилүү болду.