Бишкекте 25 жаштагы Нуриза Жузуева изделүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 8-октябрь күнү 32 жаштагы У.Н. аттуу аял арыз менен кайрылган. Анда ал сиңдиси көп күндөн бери дайынсыз болуп жатканын айтып кайрылган.
Өзгөчө белгилери: бою 160-165 сантиметр, арык дене түзүлүштө, чачы кара, узун.
ИИМ кимде ким сүрөттөгү кыздын кайда жүргөнүн көргөн билгендер болсо, төмөнкү телефондор аркылуу байланышып коюну өтүнөт.
Байланыш телефону: 0312 35-12-70, 0701 35-12-70, 0702-102-702.