Биз социалдык тармакта

"Манас" аэропортунда мас абалындагы эки кыз самолёттун ичинен урушуп, каттам бир саатка кечикти

"Манас" эл аралык аэропортунда Бишкек-Стамбул каттамында эки кыз мас абалында уруша кетти. Мунун кесепетинен каттам бир саатка кечигип учту. Бул тууралуу SURER.KG порталына окуянын күбөсү билдирди.

Ал эми бул маалыматты "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан тастыктап, буларды билдирди.

"Каттам бир саатка кечигип учту. Тактап айтканда, эртең мененки саат 07:00дө уча турган самолёт саат 08:00дө учкан. Анда самолёт учууга даяр болгондо эки кыз мас абалда болгондуктан уруша кетип, каттамды токтотууга кызматкерлер дуушар болгон. Ал эми окуя болгон жерге милиция кызматкерлери келип, эки кызды алып кетишкен. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө", - деп билдирет басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
souza.j
2019-11-07 18:42:21
Кайф заман а кайф заман
+5
555-777
2019-11-07 18:46:34
Сөз жок Кыргыздын кеебирки кыздарына. Аты жөнүн жарыялап элге уят кылгылачы тарбиясыздарды, дейин десем силер А.К, М.Б деп эле коёсуңар).
+8
Perfekt
2019-11-07 19:17:18
Уят эле, кыз болуп алышып
+5
Jelezo
2019-11-07 19:22:26
Түркмөндүн эркек министрлерине караганда биздин кыздар эркек.
-1
medet1983
2019-11-07 20:22:46
Турцияга жон кетип атышпаса керек мас абалда.Жакшы кылыптыр милициялар алып калып.Болбосо денесин сатып журушмок.
+9
bond02
2019-11-07 21:34:39
Самолёт которулгондон кийин таштасанар болмок экоону.
+11
Tyty1990
2019-11-08 13:46:03
Улууну кичүү, кичүүнү улуу сыйламак тургай беттен ала турган заман. Чалы кемпири дебей жамбаштап бийлеген заман. Эркеги ургаачысы дебей мас болуп коркуткан заман. Жыгылып калсаң кокустан эгер, видеого тартып ит кылган заман. Ар ким өзүн мыкты мен эле акылдуумун деген заман.
+5
KAYRATBEK
2019-11-08 16:05:47
ШЕРМЕНДЕЛЕР. Уят уят кылыгынар жерге кирсин.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан