15-ноябрда "Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун фондунун 2020-жылга бюджети болжолу жөнүндө" мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, парламенттик угууга мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, өкмөттүк эмес уюмдардын, жарандык коомдун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү чакырылат. Жогорку Кеңешинин чыгыш жыйындар залы, саат 10:00дө өтөт.