Биз социалдык тармакта

Жалал-Абадда "Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи этабы ишке кирет

Жалал-Абад облусунда "Коопсуз шаар" долбоорунун 2-этабын ишке ашыруу старт алды.

Долбоордун алкагында, бүгүнкү күндөн тарта Бишкек - Ош, Жалал-Абад - Балыкчы унаа жолдорунда жана Жалал-Абад шаарынын көчөлөрүндө жол эрежелеринин бузууларын аныктоо үчүн көзөмөл камера-комплекстерин орнотуучу аймактар алдын ала текшерилди. Текшерүүнү Кытай Эл Республикасынын "Snenzhen Sunwin" компаниясынын өкүлдөрү, ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жана Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери колго алышты.

Көзөмөл камера-комплекстери төмөнкүдөй тартипте орнотулмакчы:

Жалал-Абад облусунун аймагы аркылуу өткөн Бишкек - Ош унаа жолундагы 32 жайга;
Жалал-Абад - Балыкчы унаа жолундагы 4 жайга;
Жалал-Абад шаарынын көчөлөрүндөгү 12 жайга.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Chungyz
2019-11-09 10:00:13
камераларынардан силердин ананнып кетейийндер
+1
Absamat-90
2019-11-09 11:50:55
Учурда дал ушул Бишкек Ош транзиттик жолдордо айдоочулар уктап кетип,катуу айдап кырсык көп катталууда. Бул өңүттөн алганда камеранын коюлганы Туура деп ойлойм.
+6
Kyrgyz_bloger
2019-11-09 14:36:07
Absamat-90,Эмне уктап кетсе камера ойготуп коебу?акча тушчу ишти жаман тез бутурушот,Бишкек Карабалта,жолу Жалабад Маданият жолу ушундай тездик менен бутсо болбойт беле,бул камералар элди тоноонун грамотный жолу.
+2
Kudi
2019-11-09 11:58:47
сындырып кетишет ээн талаада
+3
altyn-kumush
2019-11-09 12:58:56
Kudi,сындыргыдай Жалал-Абаддыктар жапайы эмес
+2
patiydin
2019-11-09 13:14:30
Бул Деген Элди тономой! Андан Коро шаардын адамдар журчу жерлерге койгону онго дейм!
+2
virtual.realist
2019-11-09 13:36:13
Ош-Бишкек жолунун Маданият-Жалалабат болугуно да орнотулаар бекен, асфальты алынган иши токтотулган чандуу жолдорго
0
Han1111
2019-11-09 18:31:15
Коп нерсе жазгым келди бирок...
+3
ooki8888
2019-11-10 16:59:03
Han1111, бирок... Биз тушундук.
0
elchi84
2019-11-09 19:19:28
Ош Бишкек Жалал Абад Маданият жолу ошол жерге камера койгула асфалть жок элдердин кыйналганын туз эфир коруп турасынар.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан