Бишкектеги эс алуучу жайдагы отургучтарды белгисиз жарандар талкалап кетишти

Бишкек шаарындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин жанындагы эс алуучу жайына коюлган отургучтар белгисиз жарандар тарабынан талкаланып, сындырылган. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдирет.

Биз орноткон отургучтарды белгисиз адамдар сындырып, талкалоого аракет кылышкан. Отургучтарды орнотконубузга көп убакыт боло элек тагыраагы, ушул жылдын жаз мезгилинде орнотулган. Отургучтар абдан оор болгондуктан, аны көтөрүп талкалоого бир адамдын күчү аздык кылат. Себеби отургучтар абдан катуу буроолор менен бекитилгендиктен, аны ордунан жылдыруу мүмкүн эмес болчу. Отургучтарды атайын бир нече киши келип, буроолорун жулуп, талкалап кетишкен. Тилекке каршы, биз бир эле жыйынтыкка келе алабыз, отургучтарды атайын сындырышкан. Мындан улам биз эс алуу күнү экенине карабай отургучтарды оңдоп-түзөө үчүн алдырдык”, - деп маалымат тараткан мэриядан.

Мындан эки жыл мурун Бишкек шаарындагы “Бишкек мен сени сүйөм” деген жасалганы талкалап кеткен жигит кармалып, ал айып акча төлөгөнү белгилүү.

Ал эми ушул жылдын 30-августунда Кыргыз өлкөсүнүн Эгемендүүлүк күнүнө карата Чыңгыз Айтматов кең көчөсү менен Абсамат Масалиев көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан сейил бактын ачылыш аземи өтүп, салтанаттуу аземге өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков катышкан.

Сейил бак ачылганына көп өтпөй, ал жерде сүрөткө түшкөндөрдүн саны арбыган. Көп узабай социалдык тармактарга көпчүлүккө күтүүсүз болгон видео жарыяланып, талкууга түшкөнү белгилүү. Анда 2 кыз бири-бирин сүрөп "жашыл жаныбардын" үстүнө чыгып алып сүрөткө түшкөнү тартылган. Ага катар эле интернетке мындай жорук менен сүрөткө түшкөндөрдүн көп экенин көрсөткөн сүрөттөр тараган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
Makul
2019-11-09 13:54:59
Кандай гана жапайычылык!!! Аң сезимибиз өнүкпөй эле кайра артка кетип баратканы кандай өкүнүчтүү!!! Балдарыбызды туура тарбиялап, өзүбүз үлгү болбосок эртең мамлектибиз жок болуп кетет!!!
+9
katerina.li
2019-11-09 14:00:53
Мээси жок келессооооолор. Анан кантип онолобуз. Чондор чон жешсе,карапайым эл болсо даяр нерсени узуп,талкалап кетишсе ,кантип онолобуз???
+9
Nevestkaa
2019-11-09 14:29:07
Не дешти да билбейсин го адам эмес айбандарга.
+10
Kyrgyz_bloger
2019-11-09 14:30:11
Биздеги коп адамдар акчасы кобойуп байыса деле мээси такыр оспогону окундурот да,чон эле кишилер кымбат машина айдап мусорду айнегинен жолдун так ортосуна таштап койгондорду кордум,эл онолсо анан бийлик онолот да.
+8
555-777
2019-11-09 14:36:44
"Коопсуз шаар" деп видео камераларды жолго коюп алып эле только айдорчуларды аңдып отура бербей, ушундай эс алуучу аллеяларгада орнотуш керек, себеби элчилик, жиндисида, башкасыда болот. Эгер камера орнотсоңор ушуга окшогон жырткыч сүрөтүндөгү айбандарды кармап, эки эселетип төлөтүп алмаксыңар.
+13
murat17
2019-11-09 15:24:25
биздикилер маданият боюнча коншу олколорго жетпейт бул ачуу чындык тажикстандын борбору душанбе кандай таза тыкан жана кооз мусор жок атайын урнага салат Ташкент Алматы Нурсултан шаарлары боюнча соз кылбай эле койойун пейилибизди онойлу кыргыз элим
+7
futboler
2019-11-09 15:38:50
Айбан дейт мындайларды
+6
Arlenchik
2019-11-09 15:42:14
Биздин элдин ан сезими ушунчалык томон,маданиятсыз, бутунду булдургон акмактар, камера коюш керек, андай акмактар кармап, ашыгы мн толотуп,жонуна кардонго
жазып илип,бир нече кун коомдук иштерге салып иштетип, акмактардын абийирин тогуп уяткарыш керек, андай кылбаса онолбойт андай акмактар.
+4
aerforce
2019-11-09 16:06:50
Эл алдына чыгарып каттуу уят кылыш керек анан очойто штрафты салыш керек
+4
Aselya_9105
2019-11-09 17:35:45
Азамтсыңар, дагы талкалап, бүлүндүрүп жок кылгыла. Силердин деңгээлиңердин жеткен чеги ошол да. Мамлекетке, шаарга пайда алып келгендин ордуна кылган кылыгыңар менен жерге кир, пайдасыз акмактар. Уялбай анан чоңдорду жемелейсиңер. Алар жасап оңдоп түздөсүн, силер кайра бүлүндүрүп тургула.
+4
Skarlett-Skarlett
2019-11-09 17:46:05
Уяты жоктор!Мындай XXXX менен онукпойбуз!Ар бир инсан жок дегенде тарбиясы,журуш-турушу менен коомго салым кошуусу керек!Колун,бутун сынгыр!
+4
JaneEr
2019-11-09 19:49:42
Хотя Бишкек столица болсо да XXXX эле жашайт экен.Вандализм аябай коп ал жакта.
+3
Aikaaaa
2019-11-09 20:51:51
Бизге ар бир туурамес кыймылыбызды мыйзамдаштырышыбыз керек да, штраф салып. Анан эле огошбетер күчөп тескери иш кылабыз, негизи караңгы, маданиятыбыз төмөн элдерибиз көп да, түкүрбө десе күчөп түкүрөбүз. Билбейм, деги сөз жок
+2
Jasi.jasi
2019-11-09 22:18:12
Жанылышпасам ушул отургучтун чанын кичинекей кыз суртуп жатканын коруп,ичим жылыды эле,эми мынтип чон эле айбандардын кылыгын коруп конулум ооруду.:((
0
bazar
2019-11-10 13:33:34
Бул жерге жакында камок же башка акча түшүрүп турган аппарат (сила удар ж.б) орнотулат. Мисалы Ош базарында өрттөлүп ордуна кабат-кабат соода орундары салынып жатпайбы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан