Биз социалдык тармакта

Бишкекте белгисиз жарандар тарабынан уурдалган унаа табылды

Бишкекте патрулдук милиция кызматкерлери уурдалган унааны таап, ээсине өткөрүп беришти. Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, үйдүн короосунда токтоп турган унааны мындан бир канча күн мурда белгисиз жарандар айдап кетишкен.

Издөө иштеринин алкагында милиция кызматкерлери Фольксваген Пассат үлгүсүндөгү унааны 3-ноябрдан 4-ноябрга караган түнү табышкан. Унаанын ээси машинасын дайыма бир жерге токтоторун, дөңгөлөктөрүн жаңысына алмаштырганын билдирген. Ал ушул жылдын август айында унааны сатып алганын кошумчалаган.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Учурда шектүүлөрдүн аты-жөнүн, жүргөн жерин аныктоо иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Патрулдук милициянын кызматкерлери уурдалган унааны таап, ээсине өткөрүп беришти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан