Бишкек-Ош унаа жолунда күйүүчү май ташыган транспорт каражаттарына чектөө киргизилди. Малыматты ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Саат 17:00дөн эртең мененкиге чейин Жайыл районундагы "Сосновка" постунан Токтогулдагы "Арал" постуна чейин жүк ташуучу унаалардын кыймылы токтотулат.
Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматы мындай чектөө жол кырсыктарын алдын алуу үчүн киргизилгенин билдирди.