Биз социалдык тармакта

Комузчу Нурзат Орозалиева 44 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты

Комузчу, бир нече күүлөрдүн автору Нурзат Орозалиева 44 жашында мезгилсиз дүйнө салды. Маалыматты ырчы Кенже Көбөкова тастыктады.

Кенже Көбөкованын айтымында, Нурзат Орозалиева кечээ, 10-ноябрда каза болду. Маркум көптөн бери залалдуу шишик дарты менен күрөшүп келгенин ырчы Көбөкова кошумчалап өттү.

Нурзат Орозалиева "Сезимдеги толгоо", "Чын курандын жетиси", "Боз салкын" жана башка күүлөрү менен белгилүү.

SUPER.KG порталы Нурзат Орозалиеванын жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
altyn2015
2019-11-11 09:58:03
Жаткан жери жайлуу болсун!
+5
karona12
2019-11-11 10:18:00
Ото таланттуу эже эле жаткан жери жайлуу болсун((((.
+10
Aimani
2019-11-11 12:30:05
Жаткан жери жайлуу болсун. Бүгүн эмне күн. Жапжаш жигит, кыздарыбыздан айрылдык.
+5
Lui
2019-11-11 13:15:55
Таланттуу, чебер, мыкты комузчу эже эле. Аябай баалап, баа берчумун. Өкүнүчтүү, азыр окуп алып шок абалдамыын
+3
erjigit-e.15
2019-11-11 14:22:22
Аллахым жайын жаннаттан кылган болсун
+6
iryi1
2019-11-11 15:07:43
Жараткан Тенир жаткан жерин жай кылсын.
+2
engel
2019-11-11 19:22:15
Ии байкуш жаман болуптур го((( ЭлТРде Тушто алып барчу эле жума кундору. Жаткан жери жайлуу болсун
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан