15 жылдан бери адам өлтүрүүгө шектелип, Интерпол тарабынан изделип жаткан Казак жараны Түркиядан кармалды. Кылмышка шектүү 53 жаштагы Бакытжан Успанов Конья шаарынан кармалганын түрк басылмалары жазып чыгышты.
Маалым болгондой, тергөөдө Бакытжан Успановдун паспорту жасалма болуп чыккан. Ал Кыргыз эмес эл аралык издөөдө жүргөн Казак жараны экени аныкталган. Ал эми Бакытжан Успанов сурак учурунда 15 жыл мурда болгон кылмыш ишинен кийин Кыргыз өлкөсүнө качып барганын, ал жактан 1 миң долларга кыргыз паспортун жасатып алганын билдирген. Жаңы паспорт алгандан кийин Успанов Түркияга келе бергенин кошумчалаган.
Соттук териштирүү иштери аяктагандан кийин Бакытжан Успанов мекенине жиберилет.