Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Полиция шаарчасы конушундагы мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин ысымы ыйгарылган көчөнүн аты өзгөртүлдү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы Эдил Жумалиев билдирди.
"Полиция шаарчасы конушунун жашоочулары бизге кайрылууларын көтөрүп келишиптир. Тургундардын кайрылуусун биздин айылдык кеңештин депутаттары сессияга киргизип, карап чыгышты. Жыйынтыгында көчөнүн аталышын өзгөртүү чечимин кабыл алдык. Коомчулукта талкууга алынып калгандыгы үчүн "Мурас" деген эле ат коюлду", - деди айыл өкмөт башчы.