Биз социалдык тармакта

Төкмө акын Акжолтой Канатбек уулун жана анын келинчегин акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең болот

Төкмө акын Акжолтой Канатбек уулунун сөөгү кичи мекенине эртең, 13-ноябрда коюлат. Маалыматты маркумдун досу Руслан Карыбеков билдирди.

Ал акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең саат 10:00дө Тоң районунун Ак-Сай айылында болорун билдирди.

"Акжолтой Канатбек уулунун сөөгү апасынын (Майра Керим кызы) жанына коюлат. Жол кырсыгында Акжолтойдун келинчеги дагы каза болгон. Келиндин жакындары келишкен, алар жубайлардын сөөгүн чогуу коюуга макул болушту", - дейт ал.

11-ноябрда төкмө акын Акжолтой Канатбек уулу жол кырсыгына кабылып, каза болгону маалымдалган. Кырсыктын кесепетинен 4 адам каза болуп, дагы бирөө жаракат алып, ооруканага жаткырылган.

Кырсыктын кесепетинен каза болгондор:

Жеңил унаанын айдоочусу 1992-жылы туулган А. уулу Ж.;

2000-жылы туулган Ж. уулу К. Кочкор районунун Ормон-Хан айылынын тургуну (жүргүнчү);

1993-жылы туулган Акжолтой Канатбек уулу (жүргүнчү);

1994-жылы туулган Канатова Изаард Саламатовна (жүргүнчү). Акжолтой Канатбек уулунун жубайы.

Ал эми Ош облусунун Кара-Суу районунун 1999-жылы туулган А. Ы. аттуу тургуну денесинен оор жаракат алып, Кочкор райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Акжолтой Канатбек уулу ушул жылдын сентябрь айында сүйүктүүсүнө баш кошкон.

4 адамдын өмүрүн алган кырсык. Акын Акжолтой Канат уулу каза болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Baku88
2019-11-12 12:11:20
Байкуштар ай жаны эле уйлонуп ысыктары тарай элек кезинде кете беришиптир жаткан жерлери жайлуу болсун
+7
katerina.li
2019-11-12 12:51:23
Жаман иш болуп кетиптир. Айланайын айдоочулар,абайлап ацдагылачы. Кундо олум болуп кетип атат ко. Кудай сактасын,журок ооруйт ушундай жанылыктардан. Кырсык каш кабактын оптосунда,жайыраак айдагылачы,эрежени бузбай.
+5
Journalistgirl
2019-11-13 10:28:52
Журок оорутту, байкуштар баардыгы жап жаш бойдон кете беришиптир. Жаткан жери жайлуу болсун!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан