Футбол боюнча Кыргыз-Япон беттешинде Бишкектеги айрым көчөлөр убактылуу жабылат

14-ноябрда Футбол боюнча Катар-2022 Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын алкагында Кыргыз өлкөсү менен Япония беттешет. Мелдеш орун алган күнү Бишкектеги айрым көчөлөрдө транспорт каттамдарынын кыймылына чектөө киргизилет.

Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясынан маалымдагандай, оюндун билеттери сатылып бүткөндүгүнө байланыштуу күйөрмандар үчүн эски аянтта чоң экрандан мелдешти түз алып берүү уюштурулуп жатат. Мындан тышкары, күйөрмандарга шоу-программалар, кызыктуу оюндар ойнотулуп, баалуу белектер ыйгарылары күтүлүүдө.

"Билет сатып алууга жетишпей калган бардык футбол сүйүүчүлөрүн эски аянттан күтөбүз. Күйөрмандар үчүн бардык шарттар каралган".

Чектөө киргизилген көчөлөр:

Саат 14:00дөн баштап Абдумомунов көчөсүнүн Эркиндик бульварынын Орозбеков көчөсүнө чейинки бөлүгү;

Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун айланасындагы көчөлөр, тагыраагы, Чүй кең көчөсүнөн Жибек-Жолу көчөсүнө чейинки көчөлөр;

Оюндун башталышы 17:15те болот. Ал эми көрүүчүлөр 15:15тен баштап киргизиле баштайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан