Саатына 110 чакырым. Өлкөдө айдоочуларга трассадагы ылдамдыкты жогорулатууга уруксат берилди

Өлкөдөгү жеңил унаалардын айдоочуларына ылдамдыкты жогорулатууга уруксат берилди. Тагыраак айтканда, эл аралык жана республикалык маанидеги трассада саатына 110 чакырым ылдамдыкта айдоого болот. Мындай маалымат өкмөттүн токтомунда айтылды.

Маалыматта айтылгандай, буга чейин саатына 90 чакырым ылдамдыкта жүрүүгө болгон көчөлөрдө эми 110 чакырым ылдамдык менен айдоого болот. Азырынча кайсы аймактагы жолдордо саатына 110 чакырым ылдамдыкта жүрүүгө уруксат берилгени тууралуу так маалымат бериле элек.

Кайсы жолдордо жогорку ылдамдыкта жүрүүгө уруксат берилерин Транспорт министрлиги жана Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы менен биргеликте аныктайт.

Токтом расмий жарыялангандан кийин 10 күндүн ичинде күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
souza.j
2019-11-13 10:03:35
Оздору бир 20ны кошсо учуп эле калат экен
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан