"Айрым депутаттар бир адамдын атын атап, кыйын болуп отурасыңар, ошол адамдын эсеби менен депутат болгонсуңар" деп бүгүн, 27-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бакыт Төрөбаев айтты.
"2010-жылга чейин ӨКМнын министри болчумун, бизди кубалашкан. Андан кийин V чакырылышка депутат болуп келгенде КСДПнын мүчөлөрү мага көп асылчу.
5-6 жыл бою тополоң болсо эле "ким күнөөлүү" дешсе "бакиевчилер күнөөлүү!" дешчү. Бакиев кеткенине канча жыл болду, 9 жылдын жүзү болду. Бүгүнкү күндө эмне болуп жатат? Кайра эле КСДП өзүңөр шайлаган президентти алып келдиңер. Биз шайлоодон утулдук, чыктык. Биз макул болдук. КСДП кайра эле тополоң кылып жатасыңар. Кыргыз өлкөсүндө териштирүүдөн башка көйгөй жокпу?
Айрым депутаттар 2015-жылы келгенсиңер. Бир адамдын атын атап, кыйын болуп отурасыңар. Ошол адамдын эсеби менен депутат болгонсуңар.
Аткезчилик боюнча сүйлөсөк, ошол кезде бир эле адам аткезчилик жасадыбы? Анда бажынын башчысы болуп Кубанычбек Кулматов отурган. Башкасы премьер-министр болуп турган. Ошолордун баарынан сурабайлыбы?
Аткезчилик жөнүндө канчадан бери айтып жүрөм, Казакстандан, Өзбекстандан келип жатат деп. Бул маселе бүгүн эле чыгып калдыбы? Каяктагы бир Саймаити деген алдамчынын сөзү менен дүрбөлөң болду. Ал ким өзү?” - деди Төрөбаев.