Бишкекте жаңы мектепке которулган окуучу адашып кетти. Милиция кызматкерлери аны ата-энесине аман-эсен өткөрүп беришти

Бишкекте 9 жаштагы бала үйүнө барчу жолду таппай, адашып кетти. Ал жаңы мектепке которулгандыктан, адашып кеткенин Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Кечээ, 12-ноябрда саат 18:00дө Свердлов райондук патрулдук милиция кызматкерлерине окуучу бала чуркап келип, адашып кеткенин айткан. Окуучу шаардык Ички иштер башкы башкармалыгына алынып келген. 2010-жылы туулган К. А. аттуу окуучу бала борбордогу мектептердин биринде 3-класста окуй турганы аныкталган. Башталгыч класстын окуучусу буга чейин башка мектепте билим алып келгенин айткан. Экинчи чейректен баштап башка мектепке которулганын, мындан улам үйүнө барчу жолду таппай калганын билдирген. Свердлов РИИБинин өспүрүмдөр менен иштөө инспектору окуучуну ата-энесине аман-эсен өткөрүп беришкен.

Бишкек ШИИББи бардык ата-энелерге кайрылат.

"Балдарыңыздардын күндөлүгүнө жашап жаткан дарегиңиздерди, телефон номерлериңизди так жазууңуздарды суранабыз. Эгерде номериңиздерди алмаштырып же жашаган жериңиздерди которсоңуздар толуктап коюуңуздарды өтүнөбүз".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан