Бүгүн, 13-ноябрда ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Жогорку Кеңештин жыйынында эки ишкердин өлүмү боюнча жана Түркияда киши колдуу болгон Айэркен Саймаити тууралуу маалымат берди.
"Мадина" базарындагы ишкер Хуфур Абдурахеман аттуу жарандын өлүмү боюнча кылмышка шектүү катары 7 адам кармалган, анын төртөө кылмыш жасап, үчөө кылмышка жардам бергени аныкталган. Аэропорттогу унаа токтотуучу жайдан унаадан жансыз денеси табылган Х.Керимовдун өлүмү боюнча кылмышка шектүү катары 2 адам кармалган. Алар мурда соттолгон жана кылмыш жасаган учурда жазасын жатак абакта өткөрүп жатканы аныкталган. Учурда дагы кылмышка катыштыгы бар эки адамды издөө иштери жүрүүдө.
Түркияда киши колдуу болгон Кытай эл Республикасынын жараны Айэркен Саймаити боюнча 2017-жылы "алдамчылык" фактысы менен өнөктөшүн 3 миллион 28 миң 168 долларлык товар жана акча каражатын алып, алдап кеткени боюнча эл аралык издөө жарыяланган. Бүгүнкү күндө ал эл аралык издөөдө болгон", - деди Жунушалиев.
Мындан сырткары, министр жыл башынан бери уюшкан кылмыштуулук боюнча 130 уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөсү кармалганын маалымдады.
"Анын ичинен издөөдө жүргөн 13 мүчөсү кармалып, жоопко тартылган. Алар тарабынан 44 кылмыш жасалган, анын ичинен 2 адам өлтүрүү фактысы, 13 алдамчылык, 4 тоноочулук, опузалап талап кылуу. Бүгүнкү күндө бул фактылар боюнча тергөө амалдары жүрүүдө", - деди Жунушалиев.