ИИМ Саймаитиге жасалма паспорт берген тараптар жазаланган эместигин айтты

Бүгүн, 2-июнда Жогорку Кеңеште Түркияда киши колдуу каза болгон Айэркен Саймаити боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйыны өтүүдө.

Анда Түркияда киши колдуу болгон Кытайдын Айэркен Саймаити аттуу жараны Самятов Эркин Салимович деген ысым менен Кыргыз өлкөсүнүн ID-картасын жана жалпы жарандык паспортун мыйзамсыз негизде жасатып алганы тууралуу, ошондой эле аны жасоого жол бергендер жазага алынбаганы айтылды.

Ал иш паспорт эскирип, мөөнөтү өткөн деген жүйө менен кыскартылган. Бул тууралуу ИИМдин тергөө кызматынын башчысы Сыргак Айткурманов Саймаити боюнча депутаттык комиссиянын мүчөсү Аалы Карашевдин суроосуна жооп берип жатып айтты.

"2014-жылдын 24-августунда Сузак районундагы Кызыл-Туу айылындагы паспорт кызматынын жетектөөчү адиси тарабынан Айэркен Саймаитиге башка ат менен мыйзамсыз түрдө жасалма паспорт берилген. Бул паспорт менен 2017-жылы Айэркен Саймаити Кыргыз өлкөсүнөн чыгып кеткенге мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Ал өлкөдөн чыгып кеткенден кийин ага Кытай жарандары тарабынан арыз түшүп, анын үстүнөн иш козголгон. Бул иште паспорт, виза бөлүмүнүн жетектөөчү адисинини үстүнөн да кылмыш иши козголуп, ага кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча айыбы угузулуп, ал Сузак райондук сотуна жөнөтүлгөн. Бирок ал жерде кылмыш иши 2014-жылы, тагыраагы эски иш деген жүйө менен кыскарган. Бул чечимди Жогорку Сот да күчүндө калтырган", - деди Айткурманов.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Mister-X
2020-06-02 18:33:46
Эмнеге иш эскирген деп жабылып калат?Бул ишти кайра ачсын,Сузакта жасалма паспорт эн көп жасалган район.Көп кылмышкерлер,өзбек,тажик улутундагы өкүлдөр ушул Сузактан жасатышкан.
+3
Qwer007
2020-06-02 18:45:26
Карга карганын козун чукубайт болуп эле жатат..ИИМ да олуп калганда бизде
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан