Элнура Алканова: "Азаттыктын жетекчиси "акчага азгырылган күчүктөр" деп жазууда, ал биринчи ошол сөзгө далил тапсын"

15-июнда "Бешинчи канал" жаңылыктарынын кечки чыгарылышында "Азаттыктын" эки апта мурда жарыялаган "Кыргызстандан изи сууган миллиондор" деген иликтөөсүнө улай өз репортажын көрсөткөн. Ошондон тартып коомчулук 2 иликтөөнү талкуулоону токтото элек.

"Азаттыктын" иликтөөсүн иликтеген "Бешинчи каналдын" журналисти Элнура Алканова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жазды. Анда ал "Азаттыктын" Кыргыз өлкөсүндөгү өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Айзада Касмалиеванын жазган билдирүүсүнө жооп жазган.

"Мен "Азаттыктын" иликтөөсүн көрүп жатканда профессионалдык көндүм боюнча документтердеги деталдарга маани бердим. Биринчиден, видеороликтин 3-мүнөтүндө Алинин (ред. Токтакунов) Кыргыз мамлекетинен чет өлкөгө акча которулду деген документтерин байкадым. Ал жерде Саймаитинин колу кытай иероглифтери менен коюлган. Андан кийин 27-мүнөттө ал башка документтерди көрсөттү, ал жакта Саймаитинин колу башкача - латын стилинде коюлган. Мен анын кол койгон жерин кесип алдым да, Yandex Photo издөөчү программасына киргиздим. Ал мага сайттардын биринен ал колдун копиясын дароо таап берди. Анда SPCA Florida деп аталган америкалык фонддун директору Адам Стенфилд ачык кат менен кайрылып, астына кол койгон. Ошол кол коюлган документтерди "Азаттык" Саймаитиники деп көрсөттү.

Андан кийин документтердин жарымы жасалма экенин аныктаган башка дагы деталдар чыкты. Дагы башка документтерин аныктоого мүмкүн болгон жок. Себеби алар "Азаттыктын" иликтөөсүндө сапатсыз көрсөтүлгөн. Кечээ Али Токтакунов биздин бардык суроолорду уккандан кийин чаржайыт жооп берди, бизди "силер буйрук менен иштеп жатасыңар" деп айыптай баштады. Биз анын бул айыптоолорун аябай жарыялагыбыз келди, бирок Али ал сүйлөшүүлөрдү жарыялоого тыюу салды.

Бүгүн болсо "Азаттыктын" директору Айзада Касмалиева өзүнүн баракчасына биз тууралуу "акчага азгырылган күчүктөр" деп жазды, бирок ал менин атымды атаган эмес, этияттанууда.

Мени жана "Бешинчи каналды" кемсинткендерге айтарым - кимдир бирөөнү кемсинтип же айыптоодон мурун өзүңөрдүн сөзүңөргө далил тапкыла.

Мен Алинин сөздөрүнө таарынбайм, эртең аны кеңседе күтөм. Оффрекорд же онрекорд, айырмасы жок, бирок биз документтерди салыштырышыбыз керек. Али өзүнүн кагаздарына башка тараптан да карап көрүшү керек. Мындай катуу сөздөрүнө карабай, көзүмдү жумуп, алар менен конструктивдүү иштешүүгө чыдайм, албетте, эгер "Азаттык" кааласа", - деп жазган ал.

Ошондой эле Алканова ар бир эле жаран "Азаттыктын" көрсөтүүсүндөгү колдун ээсин ал тапкан ыкма менен таап, коюлган колдун чыныгы ээси ким экенине ынанса боло турганын кошумчалаган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан