2020-жылдан баштап Германиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилиги 3 өлкөгө виза берүүнү токтотот

Германиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилиги 2020-жылдын 1-январынан баштап Австрия, Испания жана Италия мамлекеттерине виза берүүнү токтотот. Бул тууралуу элчиликтин маалымат кызматынан билдиришти.

"Бул жобо дипломатиялык, кызматтык паспорту барларга дагы тиешелүү. Ушул жылдын 31-декабрына чейин Испанияга, Италияга жана Австрияга баруу үчүн виза алабыз деп кайрылгандардын арыздары элчилик тарабынан каралып чыгат", - деп жазылат маалыматта.

2020-жылдын 1-январынан баштап жогорудагы өлкөлөргө виза алуу боюнча төмөнкү дарекке кайрылуу керек болот.

Австрия: Австриянын Нур-Султан шаарындагы (Казакстан) элчилигине;

Испания: Германиянын Нур-Султан шаарындагы (Казакстан) элчилигине же Алматы шаарындагы "BLS" виза борборуна;

Италия: Италиянын Нур-Султан шаарындагы (Казакстан) элчилигине.

Ал эми Германиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилиги Бельгия, Греция, Люксембург, Нидерланды, Норвегия, Португалия жана Швеция мамлекеттерине Шенген визасын берүүнү улантат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
SHEFKUBAT
2019-11-13 18:57:12
Тил жагынан билбегендер иштегендер барбы Кантип барса болот. Жол кире өлө кымбат болуш керек.
0
Talgatbek.
2019-11-13 20:59:15
Кыйындашат экен да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан