Мамлекеттик бажы кызматы мыйзамсыз ташылып келинген кальян тамекилерин кармады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, “Түндүк-Чыгыш” бажысынын контрабандага каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте Бишкек шаарында мыйзамсыз ташылып келинген жалпы салмагы 14 миң 275 килограмм болгон, акциздик маркасы жок ар кандай маркадагы кальян тамекилерин кармашкан. Кармалган товардын орточо базар баасы 30 миллион 799 миң 100 сомду түзгөн.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар сотко чейинки өндүрүшкө алынды.