Ырчы Талант Мамасалиев автокырсыктан каза болду

Аккордеон менен Чубак Сатаевдин, Арзыбек Бедияровдун ырларын мыкты ойноп, ийине жеткире ырдаган ырчы Талант Мамасалиев 42 жашында автокырсыктан каза болду. Бул тууралуу маркумдун классташы, куудул Тынар Курбаналиев SUPER.KG порталына билдирди.

"Талант менин классташым, тууганым болчу. Беловодское айылынан Бишкекти көздөй баратып автокырсыкка кабылып, көз жумду. 11-ноябрь күнү кичи мекени Сузакка алып барып, жерге бердик. Талант адамдык сапаты бийик, абдан таланттуу адам эле. Бишкектеги аккордеон менен ырдаган балдардын сап башында турчу", - дейт Тынар Курбаналиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Makul
2019-11-13 23:49:20
Арты кайрылуу болсун. Жаман болуптур. Жылдын аягы өнөр адамдарынан айрылдык. Жаткан жерлери жайлуу болсун
+14
Kuba-savai87
2019-11-14 00:28:11
Makul,чыын туура айтасын комузчу токмо акын Эми аккордеончу
+8
Ernisbii
2019-11-14 10:06:26
Жараткан Алла бейишинен орун берсин! Эмне деген кырсыктар болуп жаш өмүрлөр кетип жатат. Биздин аксакалдар саясатты сүйлөбөй жалпы журтка ар бир айылга түлө өткөргүлө деген сыяктуу кеңештерин берсе жакшы болот эле же депутаттардан деле жалпы Кыргызстан бойунча демилге көтөрүп чыгышса жакшы болмок жараткандан кечирим сурап мал сойуп түлө кылсак.Айланайын Кыргыздарым башкага деле пайдасы жок нерселерге чыгым болуп жатабыз го барынан дагы адамдар чыгым болуп жатат. Кудай өзү сактасын!
+7
Jasi.jasi
2019-11-14 15:35:25
Акыркы учурда машинада журуп баратып туз эфирге чыгып кечке инстаграм учун жашап жаткан адамдар кичине озунорду ойлобосонр да ата эне бир тууган,бала чаканы ойлогулачы.авто кырсык болгондоле эмнегедир теефондун айынан болгондой эле сезим калтырып жатат.Жаткан жери жайлуу,топурагы торко болсун:((
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан